Шевченко: Чемпиондук курумду өз үйүм Кыргызстанга алып барам

14 июнь 2022 14:09 7447 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын сыймыктуу кызы, UFC уюмунун жети жолку  чемпиону Валентина Шевченко өлкөгө келет. Бул тууралуу мушкер айымдын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.


Мушкер айым, соцтармактагы баракчасына чемпиондук курун жүктөп, жакында өз үйү болгон кыргыз жерине алып барарын жазган. Ошону менен катары эле, Шевченко эртең, 15-июнда таңкы саат 05:00дө "Манас" аэропортуна конорун белгилеген.

Эске сала кетсек, 12-июнда Сингапурда өткөн "UFC 275" турниринде кыргыз мушкери Валентина Шевченко жетинчи жолу чемпиондук наамын коргогон. Ал бул беттеште бразилиялык Таила Сантос аттуу мушкер менен кез келип, калыстардын баасы менен жеңүүчү аталган.



Ссылка: https://barometr.kg/shevchenko-chempionduk-kurumdu-z-jm-kyrgyzstanga-alyp-baram



Добавить комментарий