Шектүүлөр милиция кызматкерлерин көрүп унаа менен качышкан

13 март 2020 09:51 593 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек ШИИББдин Милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды кармады. Ага ылайык,  2020-жылдын 7-марттында болжол менен саат 09:53 чамасында “102” кызматына Кара-Жыгач  жаңы конушунда белгисиз жарандар тосмо дубалды ашып кирип жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барган  учурда шектүүлөр милиция кызматкерлерин  көрүп унаа менен  качышкан.

Көрүлгөн ыкчам аракеттин негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1980-жылы туулган К.Р жана 1981-жылы туулган Б.В. кармалып, аларга тийешелүү “Нексия” үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү  учурунда автоунаадан баштык табылып, анын ичинен 4 даана жыты бар салафан, 1 даана кызыл түстөгү жыты бар, 1 даана ак түстөгү өзгөчө  жыты бар салафандар жана 4 даана дүрбү, бычактар табылып, Октябрь районунун ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп  берилди.

Бул факт боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды  жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү   максатсыз  мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/shektlr-miliciya-kyzmatkerlerin-krp-unaa-menen-kachyshkan



Добавить комментарий