Шашылыш кабар. Боом капчыгайында тоодон таштар кулап жол жабылып калды
Бөлүшүү:
Бишкек-Торгарт жолундагы Боом капчыгайында жаап өткөн жамгырдан кийин тоодон таштар кулап, жолдор тосулуп калды. Бул тууралуу сайтына Максим Боровик аттуу жүргүнчү билдирди.
“Биздин келип токтогонубузга 10 мүнөттөй болду. Учурда жолдун эки тарабында тең авто унаалардын тыгыны пайда болууда. Азырынча жолду тазалоого эч кандай техника келе элек. Бишкекти көздөй багытта жүздөн ашык машина болдук. Көлөмү чоң эле таштар кулап жатат, жабыркагандар жок” – деп маалымат берди.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-kabar-boom-kapchygajynda-toodon-tashtar-kulap-zhol-zhabylyp-kaldy
Добавить комментарий ×