Шашылыш билдирүү! Тоолордо кар көчкү түшөт абайлагыла!

11 февраль 2019 13:39 1367 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей жааган карга байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу пайда болот.

2019-жылдын 12-февралынан 14-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу),   Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-eskert-toolordo-kar-kchk-tsht-abajlagyla



Добавить комментарий