Шашылыш эскертүү: 30-апрелден тартып Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаан-чачын күтүлөт

29 апрель 2019 15:57 7701 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш эскертүү таратты.  

Ведомство берген маалыматка таянсак, 30-апрелде жана 2-3 майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлүп жатат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Тоолуу аймактарга жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.   

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, жол жүрүүнү жана коммункация, байланыш иштерин кыйындатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-eskert-30-aprelden-tartyp-kyrgyzstanda-nshrlgn-zhaan-chachyn-ktlt



Добавить комментарий