Шашылыш эскертүү: 26-28-ноябрда кескин суук болот

23 ноябрь 2021 13:40 1208 Barometr
Бөлүшүү:
ok

26-ноябрда жана 27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

26-ноябрда жана 27-ноябрдын түнүндө Ош, Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында кар катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлерден шамалдын ылдамдыгы секундасын 17-22 метрге чейин жетет.

26-27-ноябрда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлүп жатат.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз -3…+2° болот.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн  -7…-12°, күндүз 0…-5° градуска чейин суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын аймактарында түнкүсүн  -1…-6° суук, күндүз 1…6° градуска жылуу болот.

27-28-ноябрда Ысык-Көл, Нарын областарында түнкүсүн -8…-13°,-10…-15°, күндүз -1…-6°,-2…-7° градуска чейин сууктун болушу күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-eskert-26-28-noyabrda-keskin-suuk-bolot



Добавить комментарий