Күтүлүп жаткан аба-ырайынын кескин суукташынан жылуулук тармагы үзгүлтүккө учурабайбы?

16 февраль 2024 10:56 1581 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алдыда күтүлүп жаткан, аба-ырайынын кескин суукташынан борбор калаадагы жылуулук жана электр тармактары үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу мэриянын маадыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

 Гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча, 17-февралдан баштап аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Белгилей кетсек, суук аба ырайы кыска мөөнөткө созулат.

Бүгүнкү күндө, Бишкек ЖЭБинде абал турукташып калды.

Энергетикалык ишканалардын жетекчилеринин айтымында, баары штаттык режимде иштеп жатат. Катуу суук болгон учурда борбор калаанын тургундары жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалары маалым болду.

“Бишкек Жылуулук электр борбору, «Электр станциялары» ААК филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана алардын авариялык-куткаруу кызматтары күчөтүлгөн режимде иш алып барат жана күнүмдүк керектелүүчү системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.

Мындан тышкары, мэр бардык шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине шаардын ичинде болууну жана кырдаал боюнча КР ӨКМнин штабына билдирүүнү, ошондой эле жооптуу кызматкерлерди күчөтүлгөн режимде нөөмөткө коюуну уюштуруу тапшырылды.

Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыкчам штабдын ишин камсыз кылуу жана тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Шаар башчысы борбор калаанын социалдык объектилерин жана алардагы жылуулук режимин сактоону көзөмөлгө алуу милдетин койду.

Күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине  мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

“Тазалык” муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү тапшырылды”, -деп айтылат маалыматта. 





Ссылка: https://barometr.kg/ktlp-zhatkan-aba-yrajynyn-keskin-suuktashynan-borbor-kalaadagy-zhyluuluk-tarmagy-zgltkk-uchurabajby



Добавить комментарий