Шашылыш эскертүү: 15-16-июнда мөндүр жаап, сел жүрүшү күтүлүүдө!
Бөлүшүү:
15-июнда күндүз жана 16-июнда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу аймактарга кар түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Чүй, Талас, Жалал-Абад областарында Ысык-Көл дубанынын чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаайт.Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
15-16-июнда нөшөрлөп жааган жамгырларга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-eskert-15-16-iyunda-mndr-zhaap-sel-zhrsh-ktld
Добавить комментарий ×