Шашылыш билдирүү! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Өлкө аймагындагы жаан-чачындан улам унаа жолдордо жана тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, 15-мартта жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш унаа жолунун 165-180-чакырымдарында (Талдык жана Катын-Арт ашуулары), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-unaa-zholdorgo-kar-kchk-tshs-ktlt
Добавить комментарий ×