Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо, жолдордо кар көчкү түшөт
Өлкө аймагындагы тоолуу аймактарда кар күрткүсү жана көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш кабарлады.
Маалыматта жазылгандай, 2019-жылдын 8-январынан 10-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл деп айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-tooluu-rajondordo-zholdordo-kar-kchk-tsht
Добавить комментарий ×