Шашылыш билдирүү. Тоолорго кар жаайт
Бөлүшүү:
12-июнга чейин Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болот. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл областарынын айрым райондорунда жамгыр жаайт. Тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда мөндүр жана кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым аймактарда секундасына 15-20 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын иштеринде кыйынчылык жаратат.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-toolorgo-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×