Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт

13 июль 2018 06:50 2294 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

12-июлда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдайт. 

 13-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

14-15-июль күндөрү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

16-17-июль кундөрү Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорда 10-14 метрге жетиши күтүлөт.

18-июлда туруксуз аба ырайы сакталып турат: тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарынын өрөөндөрүндө  жаан-чачын күтүлбөйт. 19-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

 13-15-июлда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

 13-июль күнү жана 14-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 14-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

15-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 13-15-июлда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

 13-15-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 13-15-июлда Чолпон-Ата шаарында күтүлгөн аба ырайы

 13-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

14-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 15-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.


 

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-nshrl-zhaan-chachynga-bajlanyshtuu-daryyalarda-suunun-degeeli-ktrlsh-ktlt



Добавить комментарий