Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүүдө
1-июндан 5-июнга чейин Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
Аталган мекеменин маалыматына караганда 1-июнда тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо, 2-3-июнда Кыргызстандын көп бөлүгүндө, 4-5-июнда айрым райондордо жамгыр, чагылган түшүп, тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй областынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен областынын айрым райондорунда жана Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышында катуу жаан жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр күтүлөт.
1-2-июнда айрым райондордо ылдамдыгы секундасына 17-22 метр жеткен шамал болот.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин жүргүзүүдө, жайыттагы малдарга терс таасирин тийгизет. Автотранспорттордун жүрүшүн, байланыш ишканаларынын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардан ишине кыйынчылык жаратат.
2-5-июнга чейин нөшөрлөгөн жамгырдан улам өлкөнүн тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-kyrgyzstanda-nshrlgn-zhamgyr-zhaashy-ktld
Добавить комментарий ×