Шашылыш билдирүү! ӨКМ: "Туруксуз аба ырайы күтүлөт, андыктан кар көчкүсүн атып түшүрүү учурунда жолдор жабылышы мүмкүн"
30-ноябрда күндүз жана 1-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлүп, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
1-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетет. 1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат-деп жазылат маалыматта.
29-ноябрдан баштап Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (132-137, 198-265-чакырымдарында) унаа жолунда 2018-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Андыктан унаа жолунун мезгил-мезгили менен жабылышы кутүлөт.
Добавить комментарий ×