Шашылыш билдирүү! Кар жаап, түнкүсүн -11 градус суук болот
2019-жылдын 20-февралынан 22-февралына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидромет борбору кабаргандай, 20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар жаашы 21-22 февралдарда күтүлөт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
21-22-февралдарда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -2…+3°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -10…-15°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.
2019-жылдын 20-февралынан 23-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдары, Сары-Таш–Кара-Мык авто унаа жолунун 98-123-135чакырымдары, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунан 43-44 чакырымдары (Ийри-Суу участкасы) 67-90 чакырымдары (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт , жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-kar-zhaap-tnksn-11-gradus-suuk-bolot
Добавить комментарий ×