Шашылыш билдирүү! Бугун тоолуу райондордо кар жаайт, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт

15 октябрь 2018 09:50 895 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын 15-октябрында түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

16-17-октябрь күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  0…-2° суук,  күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде  жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5°жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо  түнкүсүн  -2…-7°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-bugun-tooluu-rajondordo-kar-zhaajt-zholdor-tajgak-bolup-kar-krtks-ktlt



Добавить комментарий