Шашылыш билдирүү! Жолдор тайгак болуп, көчкү түшөт

10 апрель 2023 13:11 1037 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу унаа жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык эртең, 11-апрелден 13-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

Бишкек – Ош унаа жолунун

🔺 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу;

🔺 198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында;

🔺 Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ал эми кырсык катталган учурда  112 кызматына чалууну унутпаңыз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.



Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-abanyn-temperaturasy-keskin-tmndp-zholdor-tajgak-bolup-muz-ot



Добавить комментарий