Шашылыш билдирүү. 3-4-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт
3-июлда жана 4-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Нарын, Ош, Бакен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
5-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
6-7-июль кундөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
8-9-июлда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу
8-9-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.
3-5-июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
3-4-июль кундөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши кутүлөт.
5-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
3-5-июлда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы
3-4-июль кундөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
5-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы
Добавить комментарий ×