Кыргызстанда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

18 сентябрь 2025 11:13 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 18-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирет.

Абанын температурасы төмөндөп: 18-сентябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 17…22°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 15…20°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 16…21°, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6°  жылуулукка чейин күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2025-жылдын 18-сентябрынан 19-сентябрына чейин республика боюнча локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhaan-chachyn-katuu-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий