Шашылыш билдирүү! 21-24-сентябрда туруксуз аба-ырайы күтүлүп, жаан карга айланышы мүмкүн
21-24-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордогу жайлоолордо жаан карга айланышы жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 16…21°, Талас өрөөнүндө 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 11…16°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйыңдатат.
Добавить комментарий ×