Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт
Бөлүшүү:
1-февралынан 3-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
ӨКМнын маалыматына ыйлайык, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Добавить комментарий ×