Шакекти колго тагынуунун дагы сырлары бар экен. Алар кандай?
Тигил же бул манжага шакек тагынуу менен адам өзүнүн айрым мүнөздөрүн өзгөртө алат. Анда төмөндө кайсы манжага тагылган шакек кандай күчкө ээ экенин карап чыгыңыз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Баш бармакка тагылган шакек
Эгерде сиз күч-кубатта жана амбицияга ээ болсоңуз анда бул колго шакек таккан мындай сапаттарды ого бетер арттырат.
Сөөмөйдөгү шакек
Уяң жана чечкинсиз адамдар тагынса өзүнө ишенимди калыбына келтирет деп коюшат. Ал ошондой эле адамга ийгилик жана жолу болгондук алып келет деп коюшат. Ошондой эле акылдуу болугусу келгендер дагы бул манжага шакеке тагынганды тандаш керек.
Ортонго шакек тагынуу
Жашоодо жолу болбогон адамдар же кыйынчылыкка көп кабылган адамдар ортон колго шакек тагынса жакшы.Ал кыйынчылыктарды жеңүүгө, оорудан алыс болууга көмөкчү болот дешет. Ата-энеңизден калган баалуу шакекти дагы ушул колго тагынган жакшы деп коюшат.
Аты жокко тагынган шакек
Аты жогуна шакек тагынуу адамдын байлыкты, баалуу буюмдары жана сулуулукту жактырышынын белгиси. Бул манжага тагынган шакектин ээси эгер токтоо болсо чакан, ичке шакек сатып алганы дурус. Эгер мүнөзү шашма болуп тез чечим кабылдаса чоң көздүү шакек тагынганы жакшы.
Оң колдун аты жогуна тагылган шакек анын ээсинин жубайлуу экенин билгизсе, сол колдогу шакек тескерисинче бул адам эркин экенинен кабар берет.Бул колго алтын шакек тагынан жакшы.
Чыпалактагы шакек
Чечен болгусу келген адамдар, ишкерлер, дипломаттар, дарыгерлер, саясатчылар бул манжага шакек тагынса пайдалуу деп коюшат.Кумар оюндарына берилип кеткендер жана флиртти жакшы көргөндөр бул манжасына шакек тагынса тескери адаттарынан арылууга жардам берет дешет бул илимди изилдөөчүлөр.
Ссылка: https://barometr.kg/shakekti-kolgo-tagynuunun-dagy-syrlary-bar-eken-alar-kandaj
Добавить комментарий ×