Шайлоочулардын 2% добушун алган партияларга күрөөгө койгон акчасы кайтарылабы? Комитеттин чечими

10 март 2020 17:46 649 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти комитетии “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан толуктоолорду биринчи окууда жактырды.

Бул демилгени депутаттар Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Бакировдор көтөргөн.

Алтыбаеванын ырасташынча, “Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзам долбоору саясий партиялардын ролун мындан ары дагы күчтөндүрүү максатында иштелип чыккан.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда саясий партиялар ачык болот деп белгиленген. Программа, устав, партиянын ишмердиги, каржылык отчеттуулук, талапкерди көрсөтүү тартиби жана партиянын ишмердигине байланышкан маалыматтар ачык болушу кажет”, — деди Алтыбаева.

Андан сырткары мыйзам долбоорундагы 14-берене — “Саясий партиялардын ишмердигин мамлекеттик каржылоо” мыйзам долбоору 2026-жылдан тарта күчүнө кирет деп сунушталган.

Талкуу учурунда депутат Алтынбек Сулайманов, Иса Өмүркулов, Кенжебек Бокоев саясий партиянын ишмердигин жүргүзүү үчүн мамлекеттен каржыланат дегенге кесиптештеринин көңүлүн бурду.

Өз кезегинде Алтыбаева шайлоочулардын 2 пайызын алган саясий партиялар шайлоо күрөөсүнүн эсебинен мамлекеттен каржы алышы керектигин белгиледи.

“Саясий партиялар тарабынан шайлоо күрөсү катары төлөнгөн каражаттар аталган мыйзам долбоорунун негизинде ”саясий партиянын ишмердигине жумшоо сунушталып жатат”, — деди Алтыбаева.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров каржылоонун көлөмү кийинки жылдын республикалык бюджеттине карата аныктала турганын айтты.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмесин алган саясий партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет деген пикирге токтотулушту.

Ссылка: https://barometr.kg/shajloochulardyn-2-dobushun-algan-partiyalarga-krg-kojgon-akchasy-kajtarylaby-komitet-z-chechimin-chygardy



Добавить комментарий