Шахмат боюнча окуучулар арасында кыргызстандын биринчилиги башталды

4 январь 2019 09:55 1582 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 4-январында Бишкекте шахмат боюнча окуучулар арасында кыргызстандын биринчилиги башталды.

Бул мелдештин негизги максаты балдар арасындагы классикалык шахмат боюнча мыктыларды аныктоо болуп саналат. Мындан тышкары «8», «10», «12», «14», «16», «18» жаштагы категория боюнча дүйнө жана Азия 2019 чемпионатына кыргызстандын атынан баруучу улан-кыздар тандалат.

Белгилей кетсек, мелдешке 6 жаштан 18 жашка чейинки 600 катышуучу катталган. Спорттук иш-чаранын расмий ачылышы саат 9:00дө Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болду.

Ссылка: https://barometr.kg/shahmat-boyuncha-okuuchular-arasynda-kyrgyzstandyn-birinchiligi-bashtaldy



Добавить комментарий