«Шаардык сейил бактар» жана «Тазалык» кыргыз тилинде сүйлөшөт

5 июнь 2020 17:30 1259 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, санитардык ченемдерди сактоо менен, кыргыз тили боюнча окутуучу семинар-тренингдерди улантып өткөрө баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясынын «Шаардык сейил бактар» МИнин, «Тазалык» МИнин, “Санариптик технологиялар борбору» МИнин жана «Колл-борбору» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерин мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык корутунду жасоого үйрөтүлүүдө.

Лингво-тренингдер абдан кызыктуу өтүп, угуучулар расмий документтерди түзүүнүн стилистикасын талдашып, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча тажрыйбалары менен алмашууда.

Семинар-тренингди Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова өткөрүп, кесиптештер менен тажрыйба бөлүшүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/shaardyk-sejil-baktar-zhana-tazalyk-kyrgyz-tilinde-sjlsht



Добавить комментарий