Шаардык мэрияда бузуулардын бирдиктүү реестринин бет ачары болду

28 декабрь 2018 14:13 1429 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

“Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү боюнча иш толугу менен аяктады. Анда  32 субьект, алардын ичинен алтоосу негизги субьекттер болуп саналат”-деп билдирди ИИМдин орун басары Курсан Асанов бүгүнкү  28-декабрда Бишкек шаардык мэриясында өткөн Бузуулардын бирдиктүү реестринин бет ачарында. 

"Кодекстердин толук кандуу иштеши үчүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин  иштөөсүн камсыздоо Башкы прокуратурага жүктөлгөн жана 85% кылмыш иштерин ички иштер органдары иликтегендигине байланыштуу ага ИИМ активдүү катышып жатат. Бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү боюнча жоопкерчилик ИИМге жүктөлгөндүктөн, аны менен жетектөөдөмүн. Бардык зарыл болгон иш-чаралар толук көлөмдө жүзөгө ашырылды"-деди министрдин орун басары өз сөзүндө. 

Ошондой эле Курсан Асанов келе жаткан жаңы 2019-жылы мыйзамдарды гумандаштыруу, адамдын укутарын натыйжалуу коргоону жогорулатуу жана мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачык, айкындуулугуна жетишүү максатында мамлекеттик органдар жаңы кодекстер боюнча иштеп баштай тургандыгы тууралуу маалымдады. 

Аталган  иш-чарага  Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, ИИМдин, шаардык администрациянын жана райондук акимиаттын  жетекчилик курамы катышышты.

Ссылка: https://barometr.kg/shaardyk-meriyada-buzuulardyn-birdikt-reestrinin-bet-achary-boldu



Добавить комментарий