Шаар тургунун уурдап кетип, 50 миң доллар бер, болбосо үй-бүлөңдү өлтүрөбүз дешкен
Шаар тургунун уурдап кетип, ижарага алган батирге алып барып, 50миң доллар таап бер, болбосо үй-бүлөңдү өлтүрөбүз деп коркутушкан уюшкан кылмышкерлер тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын аймагында белгисиз адамдардын тобу шаар тургунун уурдап кетишип, ижарага алынган батирде мыйзамсыз кармап жатышат деген ыкчам маалымат алышкан. Кылмышкерлер жабырлануучудан 50 000 АКШ доллардан жогору акча каражатын талап кылышып, тез арада алар көрсөткөн 20 000 АКШ долларды таап берүүсүн айтышкан. Физикалык күч колдонуу менен жабырлануучу менен анын үй-бүлөөсүн өлтүрөбүз деп коркутушуп, үйүнүн ачкычын тартып алышкан. Шектүүлөрдү кармоо учурунда жабырлануучу алар ижарага алган көп кабаттуу батирде болгон. Аныкталгандай, кылмышкерлер жабырлануучуну уруп, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен.
Криминалдык ыкчам иликтөө тобу маалымат түшөрү менен окуяны чалгындоого алган. Жыйынтыгында жогорудагы кылмыш ишине шектүү үч жаран кармалган.
Алар:
-Топтун башчысы, Бишкек шаарынын жашоочусу 1978-жылы туулган К.М. аттуу жаран, мурда 5 жолу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97, 168, 170-беренелери менен соттолгон;
- Бишкек шаарынын жашоочусу 1989-жылы туулган Б.В. аттуу жаран, мурда 4 жолу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси менен соттолгон;
- Чүй облусунун жашоочусу 1984-жылы туулган Т.Х. аттуу жаран.
Учурда кармалгандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу иликтенип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/shaar-turgunun-uurdap-ketip-50-mi-dollar-ber-bolboso-j-bld-ltrbz-deshken
Добавить комментарий ×