Сел апаатынан каза болгондордун саны 70ке жетти

5 апрель 2019 09:19 3835 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ирандын 31 аймагына  жаан жаап, алардын 25ин катуу жамгырдан улам пайда болгон сел каптап жыйынтыгында жалпысынан 70 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Иран чукул кабарлар борборунун төрөгасы Пир Хусейин Коливенд билдирди.

Маалыматка ылайык, сел апаатынан улам Фарс аймагында 23, Лористанда 14, Глистанда 8, Мазендеранда 5, Хемеданда 5, Түндүк Хорасанда 3, Кохгилуйе  - Буйер Ахмедде 3, Резеви Хорасан, Симнан, Хузистан, Кирманшах, Илам, Кум, Исфахан, Казвин жана Зинжан аймактарында да бирден киши каза болуп жалпы 70 кишинин каза болгон.

Хузистан, Мазендеран жана Лористан аймактарында 4 кишиден кабар алына албагандыгын белгилеген Коливенд жалпы өлкөдө 768 кишинин да жаралангандыгын белгиледи. Ага кошумча сел абдан чоң чыгымдарды да алып келди.

Жабыркагандарга жардам берүү максатында Турк "Кызылай" коомуда атайын адистешкен топту жана гуманитардык жардам иретинде 5 фура жиберген.


Ссылка: https://barometr.kg/sel-apaatynan-kaza-bolgondordun-sany-70-ke-zhetti



Добавить комментарий