Ак-Талаада катуу жаандан айдоо аянтын жана унаа жолун сел каптады

14 июнь 2021 10:11 3476 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 13-июнь күнү Ак-Талаада сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Ак-Талаа районуну, Байгөнчөк айылынын Бөрү-Башы коктусунан сел жүрүп, болжол менен 40га айдоо аянтын жана Нарын-Баетов унаа жолунун 110-чакырымын сел каптаган. 

Жерине алты куткаруучу тартылып, айдоо аянттарга барган ирригациялык каналдардагы суунун нугун "Терек-Сай" дарыясына бурушкан.


Ссылка: https://barometr.kg/ak-talaada-katuu-zhaandan-ajdoo-ayantyn-zhana-unaa-zholun-sel-kaptady



Добавить комментарий