Сауд Аравия королунан тарта Россиянын президентине чейин. Кыргызстандыктарды жеңиш майрамы менен кимдер куттуктады
Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленүүдө. Коронавирустан улам аны масштабдуу түрдө белгилөөгө айрым чектөөлөр киргизилди. Кыргызстанда дагы Жеңиш майрамын белгилөө чектелди.
Бул маанилүү датада кыргызстандыктарды жана президент Сооронбай Жээнбековду бир катар мамлекет башчылары куттуктады.
Өз куттуктоосун кыргызстандыктарга жолдогондордун катарында Сауд Арабия Королдугунун Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд, Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Белорусиянын президенти Александр Лукашенко, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин бар.
9-майда Бишкектеги Жеңиш аянтына мамлекет башчысы жана бир катар аткаминерлер Өчпөч отко гүл коюшту.
Добавить комментарий ×