Сасык тумоого каршы эмдөөнү кимдер акысыз ала алат?
Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөө кээ бир категориядагы адамдарга бекер жасалат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолдору боюнча күзүндө курч кармоочу респиратордук вирустук инфекция менен ооругандын өсүшү күтүүлүүдө.
"Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору сасык тумоого каршы орусияда өндүрүлгөн “Гриппол плюс» эмзатын алышты. Курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясына каршы эмдөө кийинки категориядагылар: медицина кызматкерлери, жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштегендер, медициналык тез жардам кызматында иштегендер, жандандыруу бөлүмүнүн, төрөт үйлөрүнүн, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери, балдар үйлөрүнүн, интернаттардын кызматкерлери жана балдары, карылар жана майыптар үйлөрүнүн кызматкерлери жана жашоочулары, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор, кант диабети, семирүү, жана башка өнөкөт оорулары барлар, тез-тез ооруп жаткан балдар, кош бойлуу аялдар жана 65 жаштан жогорку адамдар арасында акысыз болот", -деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле эмдөө жеке медициналык борборлорунда: «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», пр.Асымбекова Клиникасы, ЦАДМИР, «Интермедикал» акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
"Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Ар бириңиздерден санитардык эрежелерди сактоону өтүнөбүз. Бул кыйын эмес, бирок көп өмүрлөрдү куткарат. Бат-баттан колуңуздарды самындап жууңуздар, антисептиктерди колдонуңуздар, көпчүлүк чогулган жерге барбаңыздар, бет кап кийип, аралыкты сактаңыздар! Ден соолукту чыңдоо максатында спорт менен машыгуу, туура тамактануу сунушталат. Оорунун белгилери пайда болгон учурда (дене табынын көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү, жөтөл, тамактын оорушу) шаардын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлеринен кеңеш алып, убагында дарыланыңыздар. Биздин дарыгерлер сиздерге керектүү медициналык жардам көрсөтүүгө даяр. Өз алдынча дарыланбаңыздар", - деди мэриядан.
Ссылка: https://barometr.kg/sasyk-tumoogo-karshy-emdn-kim-beker-ala-alat
Добавить комментарий ×