Кыргыз-казак чек арасында 22 тонна сарымсакты ташыган автоунаа кармалды

28 октябрь 2019 11:43 1520 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан преформанын ассортиментин жана сарымсакты ташып кирүүдөгү мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу  МСКнын басма-сөз кызматы билдирди . 

Атап айтканда, 1,5 млн сом суммада 651 миң 856 даана преформанын ассортиментин жана 169 миң сом суммада 22 тонна сарымсакты алып өткөн унаалар кармалган. Бир импорттоочуда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болсо, ал эми экинчисинде маалымкаттын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/sarymsakty-tashyp-kirdg-myjzam-buzuu-faktylaryn-anyktady



Добавить комментарий