Садыр Жапаров «Иркештам» өткөрмө пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн модернизациялоону тапшырды

28 июль 2023 12:43 1605 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров «Иркештам» өткөрмө пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аны модернизациялоону тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагыТүштүк-Батыш бажысынын "Иркештам" автомобилдик өткөрмө пунктунун  иши менен таанышты.

Мамлекет башчысына бул жерде жалпы узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатканы, ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы макулдашууга кол коюлгандан кийин 2023-жылдын май айында башталганы жөнүндө маалымат берилди.

Долбоор ошондой эле узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушун жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотууну камтыйт.

Долбоордун аякташы Кыргызстандан Кытайга көмүрдү ленталык конвейер аркылуу жеткирүүгө жана өткөрмө пунктундагы жүктөмдү бошотууга мүмкүндүк берет. Андан улам, чек ара аркылуу товардык жүктүн агымын олуттуу көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.  

“Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аймакты толугу менен модернизациялоо, кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана "Иркештам" АӨПтүн бажы инфраструктурасын шайкеш келтирүү тапшырмасын берди.

Бул өзгөчө күз-кыш мезгилинде, Кыргызстандан Кытайга көмүр экспортунун көлөмү көбөйгөндө актуалдуу.

Бул максаттарга кошумча каражат бөлүнөт.

Паспорт боюнча "Иркештам" АӨПтүн колдонуудагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил унааларды түзөт. Бирок бүгүнкү күндө пункт аркылуу эки тарапка 300дөн ашык унаага карата бажы операциялары жүргүзүлүп, бул чек ара аймагында унаа тыгыны жана кезек күтүүгө себеп болууда.

"Иркештам" АӨПтү модернизациялоо пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн күнүнө 1000 унаага чейин жогорулатат, ошондой эле көмүр ташыган жүк ташуучу унаалардан жолду бошотот, анткени катуу отун Кыргызстандын бажы кампасынан Кытайга ленталык конвейер аркылуу жеткириле баштайт”, -деп жазылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-irkeshtam-tkrm-punktunun-tkr-zhndmdlgn-kbjt-chn-modernizaciyaloonu-tapshyrdy



Добавить комментарий