"Сармерден" теледолбоорунун алып баруучусу карантин учурунда тикмечилик өнөрүн өздөштүрдү

17 июнь 2020 13:16 2402 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Таланттуу ырчы Анара Шаимкулова пандемия учурунда  тикмечилик өнөрүн өздөштүрдү. Бул тууралуу ырчы айым "Барометрге" өзү билдирди.

Шоу-бизнес чөйрөсүндө иш алып барып, кыргыздын той-ашында кызмат кылган маданият кызматкерлеринин кээ бири карантин учурунда жумушсуз калышкан. Алардын бири “Сармерден” теледолбоорунун алып баруучусу Анара Шаимкулова.

«Өмүрү түз тигиш тигалбаган жаным эң алгач тигүү машинасы менен тааныштым. Үйрөндүм. Эки-үч күндөн кийин эле экини ал десе жетини алып, жетини ал десе он жетини алып тигип, айтор алардын тили менен айтканда крой талашканга жарап калдым. Ошентип менин колумдан айымдар кийчү шымдар чыга баштады. Оңой болгон жок», - дейт Шаимкулова.

Үйрөткөн кыздар тарабынан «Бул ыр эмес», «Бул Сармерден» эмес деп айтылган кептер да болгон. Мындай сөздөргө намыстанган ырчы айым андан да жакшы тигүүгө өтүп, ал кесипти аз убакта болсо да мыкты өздөштүргөнгө жетишкен.

«Эртеден кечке, ал тургай түндөн таң атканча суткалап иштеген айымдардын эмгегин жон терим менен сездим. Чарчоодон, турмуштун сыноосунан ачылбаган кабактар. Машинанын ийнесин тиктеп үңкүйгөн картиналар. Ошол эле учурда эне, жар болуп үйдүн коломтосун өчүрбөй эркеги менен тең жарышып турмуштун арабасын сүйрөгөн аялзаты. Тигүүчүлөргө болгон сый-урматым өстү. Эки жума болсо да алар менен аралашып, чогуу чай ичип, өнөр үйрөнүп келдим. Башкысы ач калбайт экенмин», - деп жазган белгилүү ырчы Анара Шаимкулова.

Учурда кайрадан радио-телеге сунуштар түшүп, той-аштарга чакыруулар түшө таштагандан тарта, өз кесибине кайтып келди.

Ошондой эле, жакында ырчынын үйүнө ууру кирип, уюлдук телефон, капчыктарын уурдап кетишкени маалым болду.


Ссылка: https://barometr.kg/sarmerden-teledolboorunun-alyp-baruuchusu-kesibin-tikmechilikke-almashtyrdy



Добавить комментарий