Сапатсыз бензинди пайдалануу унаанын бузулушуна алып келет

4 февраль 2022 12:26 1154 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Авто унаа ээлерине адистер күйүүчү майды май куюучу жайлардан гана сатып алууну сунуштайт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Жол боюнда, маршруттук унаалар токтоочу жайларда жана башка жерлерде бензин сатып жаткан ак ниетсиз сатуучуулар өзүнүн товарын көбүнчө “АИ-92” жана “АИ-95” деп сатышат. 

Бирок, иш жүзүндө бул октандын эң төмөнкү “АИ-76” жана “АИ-80” бензини экендигин аныкталган. 

Көчө соодагерлери "АИ-76" же "АИ-80" маркасындагы бензинди май куюучу жайлардан сатып алып, аны кайра башка марка деп сатышууда. Сапатсыз бензинди пайдалануу унаанын бузулушуна жана аны оңдоого кетүүчү чыгымдарга алып келет. 

Андыктан адистер авто техникалык көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн атайын май куюучу жайлардан гана май куюуну сунуштайт. 

  


Ссылка: https://barometr.kg/sapatsyz-benzindi-pajdalanuu-unaanyn-buzulushuna-alyp-kelet



Добавить комментарий