Санкт-Петербургдан 156 кыргызстандык келди
«Манас» эл аралык аэропортуна 15-майда түндө «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын учагы Санкт-Петербург – Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы келип конду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Аталган каттам менен 156 кыргызстандын кайтып келди.
Буга чейин Германия жана Араб мамлекеттеринен мекендештер кайтарылган.
Чет өлкөдөн кайтып келген КР жарандары боюнча иш-аракеттер алгоритми кандай жүрөт?
Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча чет өлкөдөн келип жаткан жарандардан коронавируска ПЧР диагностикага анализдер алынат. Үч күн бою алар карантиндик зонада болушат.
Эгерде анализи терс болуп, адам байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болуп, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлиги аны обсервациялардын бирине жайгаштырат.
Анализдин жыйынтыгы коронавирустун бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга, ал эми анализи терс болгон байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга жаткырылат.
Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgdan-156-kyrgyzstandyk-keldi
Добавить комментарий ×