Санкт-Петербургда аскердик академияда жардыруу болду

3 апрель 2019 10:24 1239 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы бир аскердик академияда болгон жарылууда 3 киши жараланды. Бул тууралуу www.trt.net.tr басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Санкт-Петербург шаарындагы Маяковский Аскердик Космостук Академиясынын башкаруу имаратынан жарылуу үндөрүнүн келгендиги белгиленди. Россиянын коргоо министирлигинин айтымында 3 киши жараланган.

Аталган окуя боюнча учурда иликтөө иштери башталган.

Академияда белгисиз бир заттын жарылгандыгын белгилеген министрлик жетекчилери жаракат алгандардын да абалы жакшы экенин кошумалады.

Орусия армиясынын аба күчтөрү жана башка күчтөр үчүн аскер даярдаган Маяковский академиясы аскердик билим берген мекемелердин мыктыларынын бири.

Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-askerdik-akademiyada-zhardyruu-bolup-zhabyrlanuuchular-kattaldy



Добавить комментарий