Санкт-Петербургда кыргыз жараны үйдүн чатырынан кулап, оор абалда реанимацияда жатат

18 февраль 2021 11:06 3382 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Санкт-Петербургда Кыргызстандан барган эмгек мигранты үйдүн чатырынан кулап кетти. Бул тууралуу орусиялык «Росбалт» агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык Санкт-Петербургдун Заячья көчөсүндө болгон.  Кыргызстандын 21 жаштагы жараны үйдүн чатырын кардан тазалап жатып, кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен жигит оор жаракат алган. Ал ооруканага кататравма, жамбаштын жана бел омурткасынын жабык сыныгы, ичтин жабык жаракаты, краниоцеребралдык жабык жаракат жана баш мээси чайкалган деген диагноз менен жаткырылган.

Учурда, Кыргызстандык мигрант оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-21-zhashtagy-kyrgyz-zharany-jdn-chatyrynan-kulap-oor-abalda-zhandandyruu-blmnd-zhatat



Добавить комментарий