Сания Шакированын жакындары соттун чечимине нааразы

12 июль 2018 20:15 1631 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ социалдык баракча аркылуу Сания Шакированын апасы журтчулукка кайрылды. Анын айтымында кызынын өлүмүнө себепкер болгон Чыңгыз аттуу жаран мас абалда болгон эмес. Муну медициналык экспертиза тастыктады-деп билдирди Шакированын энеси. Ал эми  облустук сот Чыңгызды үй камагына чыгарган. Буга айыпталуучунун ден-соолугуна байланыштуу жазган арызы себеп болгон. Ал эми каза болгон "Дүйнө сулуусу" Сания Шакированын жакындары соттун чечимине нааразы. Саниянын өлүмүнө күнөөлүлөр адилеттүү түрдө өз жазасын алсын деп талап кылып жатышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/saniya-shakirovanyn-zhakyndary-sottun-chechimine-naarazy



Добавить комментарий