Кой-Ташта катуу жаракат алып комада жаткан Чүй областтык милициясынын башчысына материалдык жардам керек
ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карина Жапаркулова комада жаткан Чүй областтык милициясынын башчысы Самат Курманкуловго жардам керектигин кабарлады.
"Урматтуу милициянын кызматкерлери жана биздин ветерандар, Сиздерге кайрылуу жасайм!
Келгиле баарыбыз бирдикте Чүй облусунун шаардык ИИБ башчысы Курманкулов Самат Ажигуловичтин жубайына материалдык жардам берели. Курманкуловго Москва шаарында кошумча медициналык изилдөөлөр талап кылынууда. Азыркы тапта дарыгерлердин консилиуму Москва шаарында чечилип жатат. Ошондой болгон шартта дагы келгиле Самат Курманкуловго материалдык жардам көрсөтүп коелу.
Ушуга байланыштуу, баарыныздарды каржылык жактан көмөк көрсөтүүңүздөрдү өтүнөм. Күч-бирдикте! Бул менин гана демилгем, жакынкы арада жубайы менен байланышка чыгууга аракет кылам жана кошумча маалымат берип, жазып турам", - деп жазды.
Добавить комментарий ×