Кой-Ташта катуу жаракат алып комада жаткан Чүй областтык милициясынын башчысына материалдык жардам керек

9 августа 2019 22:41 21488 14 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карина Жапаркулова комада жаткан Чүй областтык милициясынын башчысы Самат Курманкуловго жардам керектигин кабарлады.

"Урматтуу милициянын кызматкерлери жана биздин ветерандар, Сиздерге кайрылуу жасайм!

Келгиле баарыбыз бирдикте Чүй облусунун шаардык ИИБ башчысы Курманкулов Самат Ажигуловичтин жубайына материалдык жардам берели. Курманкуловго Москва шаарында кошумча медициналык изилдөөлөр талап кылынууда. Азыркы тапта дарыгерлердин консилиуму Москва шаарында чечилип жатат. Ошондой болгон шартта дагы келгиле Самат Курманкуловго материалдык жардам көрсөтүп коелу.

Ушуга байланыштуу, баарыныздарды каржылык жактан көмөк көрсөтүүңүздөрдү өтүнөм. Күч-бирдикте! Бул менин гана демилгем, жакынкы арада жубайы менен байланышка чыгууга аракет кылам жана кошумча маалымат берип, жазып турам", - деп жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/samat-kurmankulov-t-oor-abalda-bolgonduktan-den-sooluguna-kajdyger-karabagan-zherdeshter-materialdyk-zhardam-berip-koyuuzdar



Добавить комментарий

  • Пусть продадут одну из машин АШи , это будет огромной помощью
  • Самаев Урмат жана Исаев Канат дегендерден акча алсын, ошолордун контрабандага лайык иштерин аткарып журбоду беле. Мен бир да сом бербеим.
  • Аман эсен айыгып кетсин !!! Жаш бала экен , дагы бир уулубузду жоготуп албайлы !! Атка минерлерден дагы сураныш керек жардам берсин !
  • Окмот кайда журот жардам корсотпой
  • Нуржамал 5 лет назад
    Не надо делать другим плохо, тем более когда они и так переживают. Учитесь сопереживать.
  • Москвага документин даярдап омс алса эле бекер дарылайт,калган каражатын окмот мойнуна алганга милдеттуу...
  • Жардам беребиз бирок кимге кайда. Ал кишини. Мамлекет колдойт. Мамлекет кам корот. Жанакы ь120 кой парламент эмне отурат. Солдойуп чара корушсун. Оз туугандары болгондо. Буттары. Узулгончо чуркашмак
  • Окмот эшек такалап атабы акмактар ошолордун тапшырмасы менен барып кырсыктап атат бироону олтурушту эми экинчисин карабай акмактар компенцасия болуп берип аягына чейин даарылатышпайбы озулору жылуу кабинетте былтыйып ачыбаган камырдай болуп отурушат ошолордун башын жарыш керек
  • Аман эсен айыгып кетсин🙏🙏🙏
  • Атамбаевтен толотуп алыш керек ошол кунолуу
  • Көкшетау 5 лет назад
    Бул жигиттин мындай абалга кептелишине толугу менен алкаш Аша күнөөлүү, андыктан бардык каражатта андан талап кылыш керек толугу менен бутка туруп айыкмайынча. АЛЛАХ жеңилинен берип тез сакайып кетишине тилектешмин!!!
  • Албетте жардам берүү керек,беш баланын атасы ,батыраак айыгып кетишине жардам аябайбыз
  • Окмотто акча жок бекен ,бир милиционерге жардам корсотконго😏😏