Самат Долотбаков: Пенсияга чыкканда кайсынысы болосуз?
Ырчы Самат Долотбаков жашоодо туура багыт алуу боюнча ой-пикирин социалдык баракчасына бөлүштү.
“Американын илимпоздорунун айтуусу боюнча:
▪Пенсиянын убактысы келгенде, 100 адамдан бирөөсү бай болот экен;
▪4 адам финансылык жактан туруктуу болот;
▪5 адам иштеш керек;
▪36 адам көз жумат;
▪54 адам балдарынан жана туугандарынан көз каранды болот.
Күнүгө, таң эрте ойгонгондо, ушул маалымат жөнүндө ойлонуп, өзүңө туура багыт жана максаттарды коюңуз! Пенсиянын жашына чыкканда, кайсынысы болосуз?”,-деп кайрылды күйөрмандарына ырчы.
Эскерте кетсек, Самат Дөөлөтбаков ырчы, тревел-блоггер, алып баруучу жана ишкер катары таанымал. #ONE MAGAZINE мырзалар журналынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Ссылка: https://barometr.kg/samat-dolotbakov-pensiyaga-chykkanda-kajsynysy-bolosuz
Добавить комментарий ×