Самара Каримова уулу Барсбекке ыр жаздырып эми клипке кичинекей кыз издөөдө

5 апрель 2019 15:17 1558 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Самара Каримованын улуу баласы Барсбек апасынын жолун жолдоп ырчы болууга кызыгып келет. Ал өзүнө кумир тутуп ырчы байкеси Данияр Эрматовдун ырларын сүйүп угат.

Анын бул каалоосун апасы да колдоого алып Барсбекти ар тараптуу колдоп келет, ал эми Данияр Эрматов март айында Ош шаарында өткөн жеке концертинде инисене жактырган “Билем жактырасың” ырын чоң сахнада эл алдында ырдаткан.

Барсбектин ырды берилүү менен атканганы көпчүлүкт таң калтырып анын дарегине көптөгөн жакшы каалоо-тилектер айтылган. Мындан улам ырчы Самара Каримова уулун колдоп эми ыр жаздыраарын айткан эле. Бүгүн ырчы Барсбеке жаңы ыр жаздырышканын сүйүнчүлөдү. Каримова баракчасына:

“Барсбек баатыр ыр жаздырды. Кайсы ыр деп ойлойсуздар? 4-5 жаштагы чачы узун клипке тартыла турган кыздар болсо жеке куржунга жөнөтүңүздөр”, -деп уулунун жаңылыгы менен бөлүштү.

Көпчүлүк Барсбекке ийгилик каалашты.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-uulu-barsbeke-yr-zhazdyryp-emi-klipke-kichinekej-kyz-izdd



Добавить комментарий