Самара Каримова Оштогу окуу жайдын мугалимдери менен чогулуш өткөргөн видео

2 ноябрь 2018 13:40 1415 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

30-октябрда ырчы Самара Каримова Оштогу музыкалык-окуу жайга директор болуп дайындалды деген маалымат тарагандан кийин, окуу жайга барып коллектив менен таанышып, чогулуш өткөргөнгө жетишиптир. Бул тууралуу ырчы  чогулуштагы сүйлөнгөн сөздөрдөн бери видеого тартып инстаграмдагы жеке баракчасына жүктөгөн. 

"Бул окуу жайынын имараты эскирип, көк жыттанып турат экен, акыбалы өтө аянычтуу"-деп жазган. 

Ал эми ырчынын директорлук кызматка олтуруп калышы мыйзамсыз деп Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кызматтан алганын 31-октябрда жарыялады. 

"Буйрук чыгарууда мыйзам бузуу болгон. Менин орун басарымдын Өзбекстанга кетип баратып кол койгону, анын башка күнү каттоого алынганы... Ушундан улам ал буйрукту кайра жокко чыгарууга туура келди. Биринчиден, кызматка дайындоо эрежеси бузулгандыктан, чечим жокко чыгарылды. Экинчиден, өзүмдүн жеке көз карашым боюнча айтсам, мен ал кишини бул кызматка койбойт элем. Директорлук кызматка тажрыйбалуу, дасыккан кесипкөйлөр келиши керек. Самаранын билими дагы башка тармак экен. Кол койгон стат-катчыга сөгүш жарыялоо үчүн кат жөнөтүлдү"-деп билдирген Азамат Жамангулов.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-oshtogu-okuu-zhajdyn-mugalimderi-menen-chogulush-tkrgng-zhetishiptir-ministrlik-kol-kojgon-stat-katchyny-zhazaloo-kerektigin-ajtty



Добавить комментарий