Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директорлугунан алынды

2 ноябрь 2018 09:05 1598 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы, актриса Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан алынды. Бул тууралуу ырчы өзү жана бир топ маданият өкүлдөрү интернет булактарында жазып чыгышты.

Эске салсак Самара Каримова бул кызматка үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында маданият министри тарабынан дайындалган. Эми мынтип 2 күндө буйрук жокко чыгарылды.

Ырчы: "Менде баары жакшы. Ар бир нерсе Кудайдан. Жараткан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын жүрөгүмдөн кабыл алдым. Мен сынбаймын. 3 балам турганда кайратым ташка чапса сынбайт. Эне жүрөгү - тоодой бийик болот. Өнөр адамы катары, музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зээриккенимден же кылаарга ишим жок калгандан барган жокмун! Тобокелге салып, мээнет тартып, долбоор жазып 2 жылда гүлдөтүп коймокмун. Ойчулдун оюу бүткүчө - тобокелчинин иши бүтчү эле. Мейли, насип деген нерсе бар. Менден башка жакшы адам келип оңдоор... Үмүт кылам жана тилектешмин." - деп өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты. Буга дагы окуу жайдын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди жана дагы бир топ ойлорду жазды. "Менин мүнөзүм аял болсом да эркекче! Бир айтам бирок кайтпаймын!" -деп кошумчалады.


Ал эми маданият министрлигинин бул чечимине көпчүлүк калк нааразы болуп, ырчыга көңүл айткандардын саны арбыды.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-muzykalyk-okuu-zhajdyn-direktorlugunan-alyndy



Добавить комментарий