Самара Каримова Instagram баракчасы абдан таасирдүү экенин айтты

4 март 2020 14:24 902 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эстрада ырчысы, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова анын Instagram баракчасы таасирдүү жана ага жарыяланган маалыматтар Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна жетерин жазды.

“Менин инстаграм баракчама чыккан маалымат бүтүндөй Кыргызстанга жана чет жакта иштеген мекендештерге жетишине дагы бир жолу ынандым! Чоң рахмат сизге күйөрманым жана Инстаграм!!! Эгерде аксакал аталар, энелер, инстаграм колдонбогон замандаштарым, телефон алганга мүмкүнчүлүгү жок күйөрмандарым баары инстаграм колдонгондо катталуучуларым 4,5 миллион болсо керек эле”, — деп жазды ырчы.

Белгилей кетсек, буга чейин Каримова “Биримдик” саясий партиясы менен Ош шаардык кеңешке депутаттыкка ат салыша турганын жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-instagram-barakchasy-abdan-taasird-ekenin-ajtty



Добавить комментарий