Самара Каримова: Биз үчүн аянтта цемент үстүндө жатышат!
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында келип чыккан окуяга өз пикирин билдирип жана спецназдын офицерлерине элдин тынчтыгы үчүн жандарын аябай аянта цементе жаткандарына ыраазчылыгын билдирди.
“Баарыбыз үйдө жумшак төшөктө уктап жатабыз. Биздин тынч уйкубуз үчүн, ден-соолугун, уйкусун, баарын таштап аянтта цемент үстүндө жатышат. Бул мырзалар бирөөнүн көзгө сүрткөн жалгыз баласы, атасы, жолдошу, жигити, агасы, иниси таазим сиздерге биздин шумкарлар! Саясат өз жолу менен. Бизге тынч мамлекет керек. Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактайлы! Акмак провокаторлорго ыйман берсин! Түндүк-түштүк деп бөлгөн эл бузарлар, элден айлангыла! Ынтымак бар жерде - ырыс бар! Бейиштин төрүндөй Кыргызстаныбыз бизге керек, биздин балдарыбызга керек. Эл бузарлардын артынан канча өлкөлөрдө согуш болуп, энени баладан, баланы ата-энеден ажыраткан согуш болуп жатат. Ылайым энелерин көз жашы акпасын! Балам, ботом деп сыздабасын! Жаратканым өлкөбүздү өзүң сактай көр! Тынч, өнүккөн, биримдиктүү, күчтүү өлкөдө жашагым келет! Бириксек баары колдон келет! Биз бир тууганбыз, бир элбиз, кыргызстандыкпыз! Өлкөм үчүн кайдыгер эмесмин!”, -деп билдирди ырчы.
Добавить комментарий ×