Самара Каримованын атасына оор операция жасалды. "Түз эле жерден мүдүрүлүп жыгылып, жамбаш сөөгү сынып кетти"
Ырчы Самара Каримова атасына ийгиликтүү операция жасалганын айтып, дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу Каримованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Атам-энем бул дүйнөдөгү чоң бакытым, байлыгым. Ата-энемдин көзүнөн дайыма кубаныч көргүм келет. Атакем 10 жылдан ашты ден-соолугу менен күрөшкөнүнө. Бул да жетпей, жаратканым дагы бир сыноо берип, түз эле жерден буту тайып жыгылып, жамбаш сөөгү сынып реанимацияга түштү. Аллахым жакшы көргөн пендесине кайра-кайра сыноо берет дейт. Атам Аллахымдын жакшы көргөн пендеси болсо керек. Азыр операцияга кирип кетти. Дуа кылып, кудайдан тилеп олтурам, Бир Аллахымдын колунда, Бишкектеги 4-больницанын өмүр сакчыларынын колунда. Сабырбек Жумабеков, Мансур агаларымдын колунда. Дуа кылып коюңуздар. Дуанын күчүнө дайыма ишенем. Операциядан аман-эсен чыксын. Ата-энелер эч качан оорубасын”, - деп жазган ырчы.
Кийинчерээк, ырчы атасы операциядан ама-эсен чыкканын айтып, кыйын учурда колдоп, каалоо-тилектерин жазган күйөрмандарына ырахматын айтты.
Добавить комментарий ×