Салык кызматы: "Таатан" базарынын ишкерлери атайылап коомчулукту үгүттөп жатышат

23 декабрь 2021 14:09 1436 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматы «Таатан» соода-базар комплексинин ишкерлеринин контролдук-кассалык машиналарды орнотууга жана колдонууга каршы митинги боюнча билдирүү таратты.  

Бишкек шаарында жайгашкан “Таатан” соода борборунда 208 ишкердик субъект иштейт. 

Мыйзамга ылайык, “Таатандагы” ишкерлер 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы стандарттарга жооп берген контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү. Ал эми 20 чарчы метрге чейинки соода аянтчасы бар соода түйүндөрү үчүн ККМди колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 1-апрелинен тартып белгиленген.

2021-жылдын 23-декабрына карата 208 субъекттин ичинен KKM- онлайн 95инде (45,6%) орнотулган. Калган ишкерлер боюнча KKM-онлайн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. 

Салык органдарынын кызматкерлери тарабынан KKMди колдонуунун тартиби жана эрежелери тууралуу түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Таатандын» ар бир соодагерине керектүү маалыматтар жеткирилген. Ошол эле учурда субъекттер эч кандай түшүнбөстүктөр жана каршы пикирлерин билдиришкен эмес.

Тилекке каршы, учурда айрым адамдар салык мыйзамдарынын ченемдерин аткаруу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бүтүндөй бизнеске кысым жасоо катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Атап айтканда, кечээки митингдин катышуучулары жеке кызыкчылыктарын коомдук кызыкчылыктардан жогору коюп, атайылап коомчулукту үгүттөп, адаштыруу аракетин кылып жатканы айдан ачык. 

Белгилей кетсек, ККМди орнотуу жана колдонуу мезгилдин заманбап талаптарына жана өлкөнүн бүтүндөй калкынын жана бүтүндөй мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берет.

Учурда ККМдин эки түрү колдонулуп жатат – аппараттык жана программалык. Смартфонго, планшетке жана компьютерге программалык ККМди жүктөө акысыз ишке ашырылат, бул аппараттык ККМдын кыйла жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Ишкер болгону чекти керектөөчүгө берүү үчүн чек чыгаруучу принтерди гана сатып алат. 

ККМ-бул – мамлекеттин салык саясатына ылайык Салык кызматы ишке ашырган салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорунун бири.

Бул долбоордун башкы максаты – ак ниет бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандардын бакубат турмушун жогорулатуу жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн камсыздоо болуп саналат. 

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-taatan-bazarynyn-ishkerleri-atajylap-koomchuluktu-gttp-zhatyshat



Добавить комментарий