Салык кызматы акциздик маркаларсыз 2 миң таңгактан ашык тамекини тартып алды

12 апрель 2022 11:24 961 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки буюмдарын акциздик маркасыз мыйзамсыз сатууну аныкташты жана бөгөт коюшту.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында чет өлкөдө өндүрүлгөн акциздик маркасыз 1500 таңгак, Ош облусунун Өзгөн районунда 836 таңгак тамекини сатуу фактысы аныкталды.

Ишкерлерде сатылып жаткан продукцияга карата уруксат берүүчү бардык документтери (шайкештик жөнүндө декларация, товардык-транспорттук коштомо кагаз, эсеп-фактура ж.б.) жок болгон.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 миң 336 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-akcizdik-markalarsyz-2-mi-tagaktan-ashyk-tamekini-tartyp-aldy



Добавить комментарий